Бүгүн, 1-июлда президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырып жатат.
Мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу аземи «Ала—Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Иш-чара коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулуп, бардык катышуучулар алдын ала ПЦР-тест тапшырышты.