• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Түз эфир: Ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

12 Аяк оона 2022 10:08 Бишкек Govori.TV

14-15-сентябрында Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” темасында Ректорлордун Дүйнөлүк Форуму өтөт. Форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болот. Катышуучулар жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдорун талкуулашат.

Форумдун ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. Биринчи күндүн программасы “Инновация – экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы”, “Инновациялык саясат жана башкаруу”, “Инновация жана социалдык таасир”, “Инновациялык экосистеманын туруктуу өнүгүүсүн түзүү. Алдыңкы тажрыйба”, “Жогорку билим берүүдө ишкердикти өнүктүрүү”, “Академиялык чөйрөлөр менен өндүрүштүн ортосунда технологияларды алмашуу”, “Стартаптар жана инкубация” темаларындагы панелдик сессияларды камтыйт. Анда Австрия, Азербайжан, Армения, Бангладеш, Болгария, Улуу Британия, Германия, Израиль, Италия, Казакстан, Кения, Малайзия, Пакистан, Польша, Түштүк Корея жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана окумуштуулары баяндамаларды жасайт. Форумдун экинчи күнүндө Кыргызстандын ЖОЖдорунун ассоциациясы “Эл аралык билим берүү жана Bishkek EXPO карьера” көргөзмөсүн өткөрөт. Анда дүйнөлүк университеттердин өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуулары болот.

Ири иш-чаранын экинчи күнү Бишкек мамлекеттик университетинде өтөт. Аталган форум Кыргызстандын университеттеринин эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна өбөлгө түзөт.

Количество просмотров: 56