• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Түз эфир: Шаардык сот Болот Темировдун ишин карап жатат

23 Жетинин айы 2022 10:10 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Буга чейинки отурум 17-ноябрда болгон.

Эске салсак, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 72