Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кениндеги чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан Кытай компаниясынын ишмердүүлүгү жана жайлоодогу малдардын кырылуусуна байланыштуу маалымат жыйын уюштурулду.
«Нарын районунун тургундары «Zhong Ji Mining» компаниясынын ишин токтотуу талабын коюшту. Азыр бул боюнча комиссия түзүлүп, иштеп жатат. 5 күндүн ичинде комиссия иликтеп, анын жыйынтыгы чыккандан кийин чечим кабыл алынат»,-деди Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов.
Эске салсак, Нарын облусунун Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары жайлоосунда малчылардын малы кырылган. Ал эми жергиликтүү тургундар «Zhong Ji Mining» компаниясы кен казуу иштерин баштагандан бери алардын малы кырыла баштаганын айтышкан.