Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин ишин кароону улантат. Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.