• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Жарандык активист жалгыз митингге чыкты

3 Бештин айы 2021 14:58 Бишкек Govori.TV

Активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 3-декабрда пикетке чыгып, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча кайрылуу жасады.

«Чаламандын чак түшүндө уюшкан балдар келип саясий партиянын лидерине кол салышты. Көрүнүктүү саясатчыларга кол көтөрүлүп жатса, жөнөкөй жарандардын коопсуздугу кандай каралат? Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча тез арада ачык, тыкыр иликтөө жүргүзүлүшү керек. Конституцияга жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өз позициясын билдиргени жана ачык-айкындуулукту талап кылгандыгы үчүн жарандарга кысым, күч колдонулбашы керек»,-деди активист.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. 2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Милиция шектүү өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин айткан.

Бул арада саясатчыга кол салды деп шектелип жаткандар Текебаевден кечирим сурап келишкени белгилүү болду.

Количество просмотров: 496