Жогорку Кеңеш 3-февралдагы жалпы жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын кароодо.
1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Аны бул кызматка «Республика — Ата Журт» фракциясы сунуштады.
2-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети да Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жактырды.