• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны

8 Кулжа 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 164 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

2. “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 27.08.21деги кир.№ 6-12169/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. “Накталай эмес эсептешүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.10.21деги кир. № 6-15339/21) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Төлөнов Д.Э.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

5. “2022-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет).

Количество просмотров: 72