• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Түз эфир: Жогорку Кеңештин жыйыны

2 Жетинин айы 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-ноябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 19.04.22деги, кир. № 6-7189/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

2. “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16541/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

3. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу ” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 23.08.2022деги кир.№ 6-16814/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 20.09.2022деги кир.№ 6-18427/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

5. “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 20.09.2022деги кир.№ 6-18460/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

6. “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 07.09.2022деги кир.№ 6-17430/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

7. “2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 09.09.2022деги кир.№ 6-17602/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

8. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Атамбаев С.А., Акаев Ж.К., Сурабалдиева Э.Ж., 07.07.2022деги кир.№ 6-14626/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

9. “Инновациялык иш жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 06.07.22деги кир. № 6-14995/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

10. “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 29.06.22деги кир. № 6-14293/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);

11. “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 29.06.22деги кир. № 6-14209/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);

12. “Волонтердук иш жɵнүндɵ” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Түлөбаев Б.З., Маматалиев М.А., Козуев А.Б., Бакасов У.Б., Сарыбашов Т.Н., Абиров Ж.Б., 25.05.22деги кир. № 6-10191/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет).

Количество просмотров: 117