Таалайгүл Токтакунова, Өмүрбек Текебаевдин адвокаты: «Текебаев менен Чотоновго коюлуп жаткан кылмыш жаратылышта болбогондугун биз далилдейбиз»
Таалайгүл Токтакунова, Өмүрбек Текебаевдин адвокаты: «Текебаев менен Чотоновго коюлуп жаткан кылмыш жаратылышта болбогондугун биз далилдейбиз»
2 Жетинин айы 201813:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
— Таалайгүл эже, 1-январдан баштап укуктук-соттук системаны реформалоого багытталган үч кодекс жана бир мыйзам күчүнө киргени жатат. Ошол мыйзамдар Текебаевдин, Чотоновдун ишинде жаӊы жагдайларды пайда кылабы?
— Сөзсүз түрдө пайда кылат. Ал мыйзамдар 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ошол мыйзамдардан күчүнө кириши жана колдонуу тартибин аныктаган мыйзамдын 7-статьясынын 4-пунктунда төмөндөгүдөй жазылган: «Эгер жаӊы кодекстеги санкциялар эски кодекстин санкцияларынан жеӊил болсо, эски кодекс менен соттолгон адамдардын иши кайра каралыш керек». Мындан башка, Конституцияда, кабыл алынган мыйзамдарда, эгер кабыл алынган мыйзамдар адамдарга жаӊы жоопкерчилик жаратып, же алардын жазасын күчөткөн болсо, ал күчүнө кирген күндөн кийинкилерге гана пайдаланылат. А эгер жаӊы кабыл алынган мыйзам адамдардын жоопкерчилигин азайтып, же аларды жазыктан бошото турган болсо, ал мурункуларга да пайдаланылат деген норма бар. Мына ушулардын негизинде Текебаев менен Чотоновдун иши сөзсүз түрдө кайра каралат.
— Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн айтсаӊыз, аларга кандай жеӊилдиктер болушу мүмкүн?
— Биричиден, мурун коррупция статьясы боюнча жаза санкция 8 жылдан 20 жылга чейин болсо, жаӊы мыйзамда 10 жылдан 15 жылга чейин болуп, дээрлик эки эсе жеӊилдик берилген. Жаӊы жылдан баштап «коррупция кылмышы» деп 10 жылдан 15 жылга чейин жаза чектелген кылмышты түшүнүп калабыз. Баарыбызга белгилүү, Текебаев менен Чотонов 8 жылга кесилишкен. Эгер аларды мурун «өтө оор кылмыш кылды» деп айыптаган болсо, эми алардын кылмышы өзгөрүп, оор кылмыштын катарына кирип калды. Демек, сот дагы бул жагдайды карап чыгып, статьяны алмаштырыш керек болот. Кийинки жагдай. Сот менин коргоомдогу Текебаевдин, Чотоновдун «мүлктөрү конфискациялансын» деп чечим чыгарган. Текебаевдин 1990-жылдардын башында жаш мугалим катары айылда колхоз бөлүп берген 6 сотых жери бар экен. Сот аткаруучулар ошол жерди «конфискациялайбыз» деп турушат. Текебаевде 2004-жылы өзү сатып алган 1994-жылы чыккан «Волга» маркасындагы автомашинасы бар экен. Сот чечими менен сот аткаруучулар ошол автоунаасын да конфискациялаганы турушат. Бул мүлктөрдүн айтылып жаткан кылмышка эч тиешеси жок экени өзүнөн өзү көрүнүп турат. 2019-жылдын 1-январынан баштап кире турган жаӊы кылмыш просессуалдык кодексинде «конфискациялана турган мүлктүн соттолуп жаткан кылмышка кандай тиешеси бар, ошол кылмыштын негизинде алынганбы, сот өкүмүндө ушуларды далилдеп көргөзсүн» деген жаӊы норма киргизди. Конфискация – бул кошумча жаза катары эсептелинет. Демек, бул жагынан дагы жеӊилдик болуп жатат. Бул да жаӊы жагдай болот.
— «Эптеп эле ишти кайра каратып, башка статьяга которуп, кутулуп чыкканы жатышат» деген да сөздөр айтылышы мүмкүн. Андай эмеспи?
— Текебаев менен Чотонов, аларды айыптаган кылмышка эч тиешеси жок. Аларга коюлуп жаткан кылмыш жаратылышта болбогондугун биз далилдейбиз. Текебаевдин соту, ага козголгон жасалма кылмыш ишин куудулдар дагы көтөрүп чыгышты. Текебаевге каршы иштин абсурд экенин Тынар мындай көргөздү: интермедияда Тынарды соттоп жатышат. Тынарга «Бишкектеги спорт сарайын сага сатам деп бирөөдөн акча алган» деп күнөө коюулуп жатат. Тынар соттон «мен өзүм Жалал-Абадда жашап, ошол жакта жөрсөм. Бир топ жылдан бери спорт сарайына концерт койгонго зар болуп, келалбай жүрсөм, мен кантип спорт сарайды сатат элем?» деп суроо берип жатат. Судья болсо, «ошо келемин деп жүргөнүӊ үчүн соттолосуӊ» деп айтып жатат. Тынар биздин окумуштуу сөрөйлөр, судья, прокурорлор түшүнбөгөн, түшүнгүсү келбеген нерсени жөнөкөй сөз менен элге түшүндүрүп берип койду. Текебаевдин ыйгарым укугу – Конституциянын текстин даярдап, референдумга алып чыгуу эле болгон. Ал эми мамлекеттик мүлк, приватизация маселесин ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев тескеген, ошол чечкен. Текебаев Тынардай эле “Мегакомду” сата алмак эмес.
— Анда эмне үчүн мунун баары көрүнүп турса дагы, Текебаевге «коррупция» боюнча иш козгоду?
— Анткени, депутатты камаш үчүн Жогорку Кеӊештен уруксат сураш керек. Өтө оор кылмыштарда гана уруксат суралбайт. Ошондуктан, Текебаевди «өтө оор кылмыш кылды» деп коррупция статьясы менен иш козгоп, камашты. Окурмандарга дагы түшүнүктүү болсун үчүн, бир жагайды айтып коюш керек. Соттун өкүмүндө «Текебаев да, Чотонов да мамлекетке, же башка адамдарга да бир тыйын зыян келтирген жок» деп аныкталды.
— Мамлекетке да, башка адамдарга да, бир тыйын зыяны тийбесе, анда сот эмне үчүн аларды камады?
— Соттун чечиминде «Текебаев менен Чотонов өз аракеттери менен Кыргызстандын мыйзамдарынын авторитетин кетирди» деп айыптады. “Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” дегендей, канчалык таӊкалычтуу болсо дагы, мыйзамды эмес, Конситутцияны көз көрүнөө бузган президент, өкмөт эмес, дал ошол мыйзамдарды коргоп жүргөн, «Конституциянын атасы» делген Текебаев, Чотонов «мыйзамдын автортитетин кетирип койду» деп камалышты.
— Эгер сот кайра караса, «утуп чыгабыз» деп ишенесизби? “Артык кылам деп тыртык кылып”, коргооӊуздагы Текебаевди дагы 10-15 жылга каматып албайсызбы?
— Сооронбай Жээнбеков Атамбаев эмес. Атамбевдин негативдүү иштерине каршы күрөшүп жатат. Эл алдында «сот системасын реформалайм» деп убада берди. Реформа эл билген, эл назар салган иштерди кайра кароодон жана ошол иштерде күнөөсү бар тергүүчү, сотторду жазалоодон башталат. Элдин назарындагы ишти адилеттүү чече албаса, анда реформага эч ким ишенбейт. Ошондуктан, сот ишти кайра караса, сөзсүз утарыбызга ишенебиз. Анткени, башкы прокуратура айткан кылмыш окуясы болбогондугун, Текебаев менен Чотонов ал кылмышка тиешеси жок экенин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, депутаттар, партия жетекчилери, жана башка авторитеттүү коомдук-саясый ишмерлер болуп, 50гө жакын күбө көрсөтмө беришти. Ал убакта Атамбаев бийликте отургандыктан, көп кызмат адамдары коркуп, күбө болушкан эмес. Азыр Атамбаев жок. Дагы 50гө жакын күбө көрсөтмө бергенге даяр. Андан башка 60тан ашык документ Маевский менен башкы прокуратуранын дооматтарын жалган экенин далилдеп турушат. Ушундай далилдер өтпөй, кайра-кайра көрсөтмөсүн өзгөртүп, жалган айткан Маевскийдин сөзү сөз болуп кете береби? Сот адилет болсо, андай болбойт.
— «Текебаев менен Чотонов мамлекетке да, башка адамдарга да бир тыйын зыян келтирген эмес» деп жатасыз. А Маевский «1 млн. доллар берип алданып калдым» деп жатпайбы. Анан кантип сот аларга карата «зыяны жок» деген чечим чыгарды?
— Маевский тергөөдө бир нече ирет Москвада, ВТБ-24 банкында эсеби бар экенин, 2010-жылы июнь айында банктан 300 миң доллар акчаны нак алып, Бишкекке алып келгенин айтты. Сотто да бул көрсөтмөсүн кайталады. Иште ВТБ-24 банкынын выпискасы бар. Выписка Маевский июнда эле эмес, июлда да, августа да нак акча албаганын далилдеп турат. Кыргызстандын чек ара кызматы да «андай акча Кыргызстанга келди» деген маалымат жок» деп тастыктады. Маевский “300 миң долларды Москвадан Бишкекке С.Кутуков деген кызматкер алып келген” деп сотто көрсөтмө берди. С.Кутуков «андай акчаны көрмөк турсун, уккан да эмесмин» деп көрсөтмө берген. С.Кутуков июнь айында Бишкекке келбегенин “пассажирдик манифест” деген документ тастыктап турат. Бул бир. Экинчиси, Маевский ошо акчаны «Модинге бердим» десе, Модин «акчаны Маматкеримов деген өзүмдүн таанышыма бергем, бирок, ал да мен айтканды тастыктай албайт, анткени өлүп калган» деди. Сотто Модин «Маматкеримов ал акчаны кимге бериптир» деген суроого, «билбейм» деп жооп берди. Биз тактоо үчүн «Маматкеримов акчаны Текебаевге же, Чотоновго бердим» деп айтты беле?» деп сурасак, «айткан эмес» деди. «Эмне үчүн Маевскийдин «Текебаев алды» деген сөзүн колдоп жатасыӊ?» десек, «мен ошентип ойлодум, божомолдодум» деп жооп берди. «Сизге Текебаев же Чотонов же алардын атынан бирөө бир нерсе убада берди беле?» десек, «мага эч кандай убада берилген эмес» деген жообун берди. Мына, ал акча болбогондугун, «Текебаевге бердим», «көрдүм», «уктум» деген адам болбогондугун соттогу Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрүнөн, документтерден эле көрүнүп турат. Башка далилдерди айтпай эле коелу.
— Маевский «1 миллион бердим» деп жатат го? Бул жерде 300 миӊ жөнүндө сөз болуп жатат. «Калган 700 миӊ долларды бердим» дегени кандай?
— Маевский өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жана сотто «2010-жылдын сентябрь айында банктагы эсебимден 700 миӊ доллар накталай алып, Москвадан бир киши аркылуу Текебаевге берип жибердим» дейт. Ал кишинин ким экенин, аты-жөнүн, кайсы өлкөдөн келгенин билбейт. «Паспортун, аты-жөнүн сураган жокмун, 35-40 жаштардагы славян түспөл адам болчу» дейт. Ошентип, Кыргызстанга келбеген акчаларды чек ара кызматы «андай акча чек арадан өткөн жок» деп айтып жатса, кантип «Текебаев алды» деп сот, башкы прокуратура айта алат? Текебаевге карата козголгон кылмыш жалган жалаа экенин, андай окуя болбогондугун, Текебаев менен Чотоновдун ага тиешеси жоктугун фактылар 200 пайыз далилдеп турат. Бизге азыр ишти кайра каратууга негиз эле керек. Биз «эптеп кутулуп кетсек» деген планыбыз да жок. Биз акталып чыгышыбыз керек. Күнөөлүүлөр толук жазасын алууга жетишишибиз керек. Мына ушул ниет менен гана аракет кылып жатабыз.