• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Таалайкул Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду

11 Тогуздун айы 2018 10:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкул Базаркуловна ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин ЖК депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен барган деген маалыматтар документ аркылуу далилденип жатканын кабарлаган. Кийинчерээк министрдин өзү эле эмес, орун басарлары Лунара Мамытова менен Зууракан Каденова да өлкө эсебинен бир нече ирет чет өлкөлөргө чыгып келгенин айткан.
Количество просмотров: 29