• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Таалатбек Масадыков иш сапары менен Кабулда жүрөт

8 Жетинин айы 202215:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков иш сапары менен Кабулда жүрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал де-факто афган бийлигинин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар үчүн келген.

Ал 6-ноябрь жумушчу сапарынын башынан тарта Афганистан Ислам Эмиратынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул-Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен жолугушту.

Жолугушууларда аймактык коопсуздук маселелери жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маданий байланыштар, транспорт коридорлору жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Количество просмотров: 597