• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таанышына 23 жолу бычак сайып өлтүргөн жигит кармалды

16 Баш оона 2020 11:18 Бишкек Govori.TV

Ошто киши өлтүрүүгө шектелип, жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-август күнү болжол менен саат 01:00дө Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургуну телефон аркылуу байланышып, коңшусун белгисиз адам өз үйүнүн подъездинде бычактап кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган учурда 1980-жылы туулган Ж.К., денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугу аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү делип Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Б. уулу А., аттуу тургуну кармалган. Шектүү алыскы жолго чыгууга камынып жаткан жеринен колго түшкөн.

«Шектүү менен маркум өз ара тааныш болгон. Окуядан туура 5-6 күн мурда аталган батирде ичимдик ичип отурушуп өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Натыйжада шектүү ички таарынычы менен үйдөн чыгып кеткен. Андан соң ошол таарынычынан улам өч алуу максатында бычак алып келип, үй ээсин сыртка чакырып, маркум чыгаары менен токтоосуз 23 ирет денесинин ар кайсы жерине бычактаган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү жигит Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми каза болгон жаран 3-топтогу майып экендиги аныкталган. Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 258