• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таажы илдети: 107 жаңы учур катталып, 2 бейтап көз жумду

12 Жетинин айы 2021 10:16 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 12-ноябрга карата коронавирус дагы 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 64;
  • Чүй облусунда – 20;
  • Талас облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 10;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Баткен облусунда – 5.

Эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 105 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 557 бейтап, амбулатордук түрдө 792 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 197 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 615 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.

Количество просмотров: 227