• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Таажы вирусу Тажикстанга жеттиби? 

6 Чын куран 2020 15:28 Бишкек Govori.TV

Тажик бийлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Жаббор ооруканасына карантинге алды. Буга аталган ооруканада 60 жаштагы адамдын дене табы жогорулап каза болгону жана 11 дарыгердин таажы ылаңына шектелип жатканы себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Тажикстандын Озади радиосунун кабарчысына каза болгондун туугандары кабарлаганына караганда, маркум бир ай мурун Кыргызстанда өткөн үйлөнүү тойго катышып келген.

Ал эми тажик даарыгерлердин айтымында, каза болгон жарандын үй-бүлөсүндөгү эки адамдын дагы дене табы жогорулап, бүгүнкү күндө ооруканада. Ал эми маркум буга чейин канча адам менен байланышта болгону аныктала элек.

Учурда интернеттеги тажик колдонуучулары бийлик өлүмгө чейин вирусту жакшырганын айтып сындашууда.

Количество просмотров: 5558