• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Таиландда бала бакчага кол салуу болуп, 36 киши өлдү

7 Тогуздун айы 202210:08 Бишкек Govori.TV

6-октябрда Таиланддын түндүк чыгышында бала бакчага куралдуу кол салуу болуп, 36 киши өлдү, арасында 22 бала бар. Бул тууралуу “Тайрат” гезити жазды.

Шектүү – жергиликтүү полициянын мурдагы кызматкери. Ал пистолет жана бычак менен куралданган. Бала бакчага ал балдар уктап жатканда кирип барган. Мындан соң аялы менен үч баласын да өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Кол салуунун себеби белгисиз.

Шектүү полициядан маңзат колдонгону үчүн кеткен.

Количество просмотров: 181