• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таиландда мектеп автобусу өрттөнүп, 24 адам өлдү

1 Тогуздун айы 202420:10 Бишкек Govori.TV

Бардыгы 44 окуучу менен мугалимдерди экскурсияга алып бара жаткан мектеп автобусу Бангкок шаарынын четинде өрттөнгөнүн Reuters билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, 44 жүргүнчүнүн ичинен 25и өлгөн, бирок азыр алардын так саны белгисиз. 16 окуучуну жана бир нече мугалимди жаракаты менен ооруканага алып кетишкен.

Мектеп автобусунда башталгыч жана орто мектептердин окуучулары болгон. Азыр өрт өчурүлүп, өрттөнгөн адамдар изделип жатат.

Таиланддын премьер-министри Паэтонгтарн Шинаватра каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Количество просмотров: 160