• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тайчабаровдун унаасы менен сүзүшкөн айдоочу ооруканада. Кырсыктын чоо-жайы айтылды

26 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда болжол менен саат 12:45 чамасында 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу Daewoo Kalos үлгүсүндөгү авто унаа менен А.Масалиев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Ч.Айтматов көчөсүнөн кесилишинен Т.К. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу жабыркап, 4-ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда эки авто унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Количество просмотров: 386