• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Тайванда 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду

3 Чын куран 2024 11:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелдин таңында Тайвандын чыгыш жээгине жакын жерде үч жолу катары менен каттуу жер титирөө катталды. Анын кесепетинен бир нече имарат кыйрап, бир адам каза болуп, 50дөн ашуун жаран жабыркаганын жет элдик басылмалар жазды.

Биринчи жер силкинүүнүн күчү 7,7 баллга жеткен. Бишкек убактысы боюнча саат 5:58де катталган. Азырынча жер титирөөнүн очогу аныктала элек, болжолдуу суу астында «эң тайыз» жерде экени айтылууда. 15 мүнөттөн кийн күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү кайталанган.

Күчү 6,3 баллга жеткен үчүнчү жолу жер титирөө катталып, анын очогу 20 чакырым тереңдикте суу астында экени айтылган.

Количество просмотров: 316