Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 21-январда таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун талкуусуз үчүнчү окууда жактырды. Азыр алар ыктыярдуу патент менен иштеп жатышат.
Эске сала кетсек, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, айдоочулар күбөлүк алуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
Кошумчалай кетсек, күбөлүк алган адамдын үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы болушу керек жана ал жумушка чыгуунун алдында медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Белгилей кетсек, ушул сыяктуу мыйзам долбоору 2023-жылдын январында парламентте талкууланып, депутаттар аны элге каршы болот экен деп эсептеп, четке кагышкан.