• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Таксисттерди коркутуп, акча опузалагандар кармалды

9 Бирдин айы 2024 15:57 Бишкек Govori.TV

Ноокатта таксисттерден опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-январында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 1983-жылы туулган С.А. арыз жазган. Арызда С. жана Ж. аттуу адамдар «Ноокат – Бишкек» багытына каттаган айдоочулардан атайын жайга коюп, жүргүнчү ташыганы үчүн акча талап кылып жатканы жазылган.

Арыз каттоого алынып, текшерүү  башталган. Жарандын кайрылуусунда жазылгандар аныкталып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен иш ачылган.

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ноокат районунун 1962-жылы туулган тургуну О. Ж. атайын белги коюлган 20 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшкөн. Көп өтпөй анын шериги катары саналган, Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну А. уулу А. да кармалган. Учурда шектүүлөрдүн уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар же жогу иликтенип, бул ишке катышы бар шериктерин аныктоо чаралары көрүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 522