Жер мунапысындагы коррупцияга шектелгендер кармалды, алардын арасында Аламүдүн районунун мурдагы акими да бар, деп 5-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2023-жылдын 10-майында Аламүдүн райондук жер мунапысы боюнча комиссиясы Достук айыл аймагынын №1352-1254 контурларындагы турак үйлөрдү жер мунапысынын объектилери деп тааныган.
Буга байланыштуу май айынан август айына чейин бир катар жарандарга карата токтомдор чыгарылган. УКМКдан белгилешкендей, бул мыйзамды одоно бузуулар менен жасалган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча катталган.
Атайын кызматтар кылмышка тиешеси барларды аныкташты:
— О.Т., 2023-жылы жер мунапысын өткөрүү боюнча райондук комиссияны жетектеген;
— Н.К., ошол мезгилде Аламүдүн районунун акими болгон;
— Н.С.
3-мартта шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.