• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Талайбек Масабиров: “Мамлекеттик документтерди мамлекеттин үлүшү 50%дан кем болбогон ишкана чыгаргандай мыйзамдык шарт түзүп берүү зарыл”

15 Жетинин айы 2018 16:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик документтердин жасалышы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын алкагындагы долбоор жана башка маселелер айтылды.
Депутат Таалайбек Масабиров КР Өкмөтү чакыртып алган “КР мамлекеттик маанилүү документтер жөнүндө” мыйзам долбоору кайсы стадиядан өтүп жаткандыгын сурады. Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик маанилүү документтер жеке фирмалар тарабынан даярдалып жаткандыгын кооптуу жагдай катары баалап, аны эске алуу керектигине токтолду. Эл өкүлү мамлекеттик маанилүү документтерди мамлекеттин үлүшү 50%дан кем болбогон ишкана чыгаргандай мыйзамдык шарт түзүп берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Депутат Аалы Карашев “КР мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын алкагында даярдалган 30га жакын долбоордун тагдырына кызыкты. А.Карашев дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр аталган мыйзамдын негизинде өнүгүүгө бет алгандыгына мисалдарды келтирип, бизде бул мүмкүнчүлүк пайдаланылбай жаткандыгын айтты.
Депутат Сайдолимжан Жураев Ош облусунун Ноокат районунун, Баткен облусунун Кадамжай районунун, Кызыл-Кыя шаарынын, Өзбекстандын Куба-Сай шаарынын тургундары буга чейин пайдаланып келген Кызыл-Кыя аэропортун кайра калыбына келтирүү сунушу менен чыкты. Эл өкүлү аткаруу бийлигине аталган аэропортту кайра жандандыруунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоону табыштоо керек дейт.
Количество просмотров: 25