Талантбек Иманов КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.
Эске салсак, буга чейин Санариптик өнүктүрүү министри кызматын аркалап келген.