• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

ЖК Догоевдин ордуна сунушталган Имановдун талапкерлигин жактырды

19 Үчтүн айы 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги каралды.

Сунушталган талапкерди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Имановдун талапкерлиги үчүн 53 депутат «макул», үчөө «каршы» добуш берди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрликти Дастан Догоев жетектеп келген.

Количество просмотров: 81