• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

ЖК комитети Талант Имановдун талапкерлигин жактырды

18 Үчтүн айы 2022 18:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талант Орускуловичтин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, мекемелелер аралык электрондук өз ара байланыш системасын жакшыртуу, аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишин алдыга жылдыруу багытындагы ойлору менен бөлүшүштү.

Айтылган маселелерден кийин сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги колдоого алынды.

Андан тышкары, тармактык комитеттин мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карап, кабыл алды.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, «Газпром Нефть Азия» ишканасында эмгектенген.

Количество просмотров: 281