• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Санариптик өнүктүрүү министри «Дастан» заводу, Ширшов менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди

18 Теке 2022 17:51 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кыскача маек куруп, «Дастан» заводу, Ширшов менен мамилеси тууралуу айрым суроолорго жооп берген.

«Алексей Ширшов менен мурда чогуу иштешкеним чындык. Эл катары эле иштешкем. Эмгек акы алгам. Мамилебиз бири-бирибизге түз бойдон калган. Мен душманыма деле жаман мамиле кылбайм. Азыр жумуш боюнча эч нерсе байланыштырбайт. Менин ордум же “Дастан” корпорациясына жетекчилик кызматка өз жакындарын кое албай жүргөн тырмакчадагы досторум Ширшов десе эле мага чаптап жаман көрсөтөбүз деген аракеттери болуп жатат. Саясат деген ушундай сасык нерсе экен. Кээде “тойдум баарына” деп басып кеткиң келет. Бирок президенттин койгон тапшырмасын аягына чыгарып берейин деп иштеп жүрөм. Кудай буюрса 2023-жылдын аягына чейин бүткүл өлкө боюнча министрликтердин баарын санариптештирип бүтөбүз»,-деген ал.

Ал ошондой эле  ИВЛ чуусу боюнча төмөндөгүдөй комментарий берген.

«2020-жылы коронавирус башталганда өкмөт ӨКМ жана башка мамлекеттик мекемелер аркылуу “тез арада ИВЛ аппараттарын алып келгиле” деп буйрутма беришкен. Алардын арасында “Дастан” корпорациясы дагы бар болчубуз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу ушул эле аппараттар ыкчам алынып келинген. Ошондон бери бүгүнкү күндө дагы биздин медицинада ушул эле аппараттар колдонулуп келе жатат. Россияда азыр дагы ушул эле ИВЛ аппараттары колдонулуп жатат. Баасы дагы бирдей. Сертификаттары да бар. Кантип эле сертификаттары жок аппараттарды алып келмек элек. Эми кандай болгонун ачык айтып берейин. Биз 300 даана ИВЛ аппараттарын алып келгенбиз. 2020-жылдын күз айларында келген. Бир тыйын акчасын төлөгөн жокпуз. Кийин төлөп беребиз деп алып келгенбиз. Анан эле өкмөткө өткөрүп берели десек мурдагы өкмөттөгүлөр бизди үстөк пайда көрүп жатышат деп ойлоштубу, айтор өкмөткө өткөрүп алыш үчүн “шапкасын” же башкача айтканда, кошумча акча сурашты. Биз кантип “шапка” бермек элек. Баш тарттык. Анан тапкан шылтоолору “кымбат экен, сертификаты жок экен, өпкөнү жарып кетет экен” дегенге өтүштү. Болбосо ушул эле аппараттарды колдонуп атышат азыр деле. Ошентип бүгүнкү күнгө чейин маселе чечилбей келген. Анысы аз келгенсип “аппараттарды анда кайтарып берели” десек, өлкөдөн медициналык аппараттар чыгарылбасын деген өкмөттүн токтомун чыгарып коюшкан. Кечээ жакында сотко берип, соттун чечими чыкты. Мына эми жакында кайтарып берген жатабыз. Мына ушундай жакшылыкка жамандык деген саясат болуп кетти. Бул жерден мамлекет дагы, “Дастан” корпорациясы дагы бир тыйын зыян тарткан жокпуз. Жөн гана мурдакы өкмөттөгүлөрдүн ичинен кимдир бирөөлөрү жеке кызыкчылык көрбөй калган үчүн ушундай саясат болуп кетти»,-деп кошумчалаган Иманов.

Буга чейин Орусиялык мамлекеттик корпорация өпкөнү жасалма дем алдыруучу 300 даана ИВЛ аппаратын карызга алып, акысын төлөбөгөнү үчүн Кыргызстандын «Дастан» трансулуттук компаниясын банкрот деп табуу үчүн сотко кайрыларын жарыялаган.

Количество просмотров: 132