Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы орто мектепте жайгашкан №7194 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Сегизбаев референдум өткөрүүдөн мурун элге парламенттик жана президенттик бийлик эмне экенин түшүндүрүү керек болчу деген пикирин билдирген.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.