БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоону өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозит эсебине түшкөн сумма, талапкерлерге кайтарылууга тийиш болгон шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш болгон калган сумма жөнүндө маалымат берет.
Шайлоо өнөктүгү мезгилинде талапкерден БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 5 600 000 сомду (56 талапкердин ар биринен 100 000 сомдон) түздү.
Ошентип, шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозит эсебине түшкөн 5 600 000 сомдун ичинен:
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16 жана 16-1-бөлүктөрүнө ылайык: шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге “төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:
1) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайызообан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;
2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга;
4) шайлоо жараксыз деп таанылган учурда;
4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.
Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш”.
Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берген күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарган учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган учурда талапкер, саясий партия тарабынан коюлган шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет.