Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым өкүлү болуп Марат Мураталиев дайындалды. Бул тууралуу буйрука Сапар Исаков кол койгондугун өкмөттүн маалымат кызматы жарыялады.
Жаңы жетекчини облустук админстрациянын жамаатына вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тааныштырды.
1967-жылдын 23-июнунуда төрөлгөн Марат Мураталиев буга чейин Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Анын бир тууган агасы
Байымбет Мураталиев Курманбек Бакиевдин учурунда Талас облусунун жетектеген.