33 жаштагы Эрмат Джумаев кечээ Президенттин жарлыгынын негизинде Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Эрмек Джумаевди эмгек жамаатка тааныштырды.
Аталган иш-чарага КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Аттокуров, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Талантбек Эдилов, Мира Сейдикеримова, облустук түзүмдөрдүн, шаардык мэриянын ж.б мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.