• Ишенби 1 Тогуздун айы 2022
  • Суббота 1 Октябрь 2022

Талаш жараткан №309 токтом кабыл алынды. Кандай өзгөртүүлөр кирди?

13 сентября 2022 в 14:37 Бишкек Govori.TV

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 2021-жылдын 17-декабрында кабыл алынган «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309 токтому боюнча берген сунуштардын аткарылышы боюнча Айыл чарба министрлигинин маалыматын укту.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, талаш жараткан №309 токтом боюнча аймактарда дыйкандарга түшүндүрүү иштери жана жерлерди тактоо иштери жүргүзүлгөн.

«9-сентябрда өкмөттүн жыйынында №309 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизип, токтом кабыл алынды. Анда Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин берген сунушутары толугу менен кабыл алынды. Жалгыз гана пайыздык чен 50%га 50 болду. Мисалга, 100 гектар жер берилсе, анын 50%ы кайрак жер болот» , — деди министр.

Айыл чарба министри кошумчалагандай, жерлер такталып, дыйкандарга толук маалымат берилген. Жерди алыш үчүн кооперативдер жергиликтүү райондук комиссияга арыз жазып кайрылышат. Комиссиянын чечимине ылайык, жерлер ижарага берилет.

Количество просмотров: 2527

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда