• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Талаштуу диплом: Т. Сарпашевдин иниси менен Б. Жетигеновдун баласына бир документ берилгенби?

21 Кулжа 2018 13:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  21. 06. 2018. Govori.TV
Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн  башчысы болуп 11-июнда дайындалган Рамис Сагынбаевдин жогорку билимин тастыктаган диплому жалган болушу мүмкүн. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Журналисттер союзунун мүчөсү Эдилкан Сыргабаев Govori.TVга билдирген.

 

Анын айтымына караганда, Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган адамдын жогорку билими шек туудурат. “Бул жигит Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Архитектура жана курулуш университетине тапшырып, кийин окуудан четтетилгенин укканбыз. Анан эле Бишкек Гуманитардык Университетин бүтүрдү деген дипломдуу болуп, айыл Өкмөтүнө шайланып калды. Бирок, анын дипломунун номурларлы, сериясы башка адамга таандык болуп чыкканын айылдаштар иликтеп чыгышты. Биз бул боюнча райондук шайлоо комиссиясына, Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүмүнө жана райондук прокуратурага кайрылдык. Бирок, коопсуздук кызматы арызды кабыл албай койду. Прокуратура жооп бере элек, шайлоо комиссиясы текшердиби, жокпу, айтор, Рамис Сагынбаевди айыл өкмөтүнүн башчысы кылып дайындап, ишине кириштирип коюшту. Өзүм пенсионермин, Бишкекке жете албай, силерге кайрылып жатам. Бул ишти коомчулук, Өкмөт билсе, териштирсе, аныгына чыкса болот эле”,-дейт Эдилкан Сыргабаев.
Govori.TVнын  кабарчылары аталган жарандын кайрылуусуна ылайык, Рамис Сагынбаевге таандык делген, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинен 2010-жылдын 30-июлунда берилген CD100086741 номурлуу  «Каржы жана насыя адистиги» боюнча  дипломду  текшерип көрүүнү чечти. Ал үчүн “Таза коом” долбоорунун алкагында түзүлгөн //tazakoom.kg сайтына кирип, электрондук кызмат көрсөтүүчү бөлүмүнөн аталган номурлуу диплом кимге таандык экенин иликтедик.  Натыйжада, портал бизге автоматтык түрдө бул диплом ишке жарактуу экендигин, ал Жетигенов Адилет Бакытбековичке таандык экенин аныктап берди.

Мындан соң биз өз социалдык түйүндөр аркылуу аталган жарандын өзүнө байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Көрсө Жетигенов Адилет Жогорку Кеңештин депутаты, КСПД фракциясынын мүчөсү Бакыт Жетигеновдун уулу болуп чыкты. Ага күмөндүү диплом боюнча кайрылганыбызда “Мага буга чейин да бул боюнча чалышты. Менимче, тиешелүү органдар бул диплом боюнча иликтеп чыгып, менин диплом номерлерим менен бир чыккан адамдын окуп-окубаганын тастыкташы керек. Мен 2010-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясын аяктап, ушул дипломго ээ болгом. Менин окуу жайда окуганым чындык, аны академиянын окуу бөлүмүнө келип текшришсе, кайсы жылы тапшырганым, кайсыл группада, кимдер менен окуганым, алган бааларым, сабакка келген күндөрүм, өткөн практикаларым, айтор баардыгы так жазылып турат. Бул номурдагы диплом мага таандык экени 100 пайыз чындык”,-деп жооп кайтарды.

Демек, “Таза коом” долбоорунун сайты менен дипломдун анык ээси бул диплом Адилет Жетигеновго таандык экендигин тастыктап турат.  Анда Рамис Сагынбаевге таандык жасалма болушу мүмкүнбү? Балким, мындай 2010-жылы эки башка ЖОЖду аяктаган эки башка адамга бир номурдагы эки башка диплом берилиши мүмкүндүр?

Бул суроо менен КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү бөлүмүнө да кайрылдык. Ал жакта өзүнү атын атагысы келбеген адис бизге телефон аркылуу бул документ териштирилиши керектигин айтты. “Билим берүү министрлиги дипломдорду буйрутма берүүдө атайын штрих-коддор менен номурларды реестр аркылуу берет. Демек, эки башка жаранга бир номур, бир сериядагы диплом берилиши эч мүмкүн эмес. Бизге ошол дипломдорду жана кат жүзүндө кайрылуу менен келсеңиздер, бул жаткан тактоого болот. Айрым гана учурларда, бул эми өтө сейрек көрүнүш-басмаканадан техникалык катачылыктарп кетип калышы мүмкүн экенин да билдиребиз”,-дейт министрликтин өкүлү.
Ал эми Токтогул районунун прокурору Жылдызбек Заиров болсо Толук айылындагы болгон окуя боюнча кабардар экенин, Эдилкан Сыргабаевдин кайрылуусу боюнча прокуратура териштирүү ишин баштаганын, Билим берүү министрлигине, ЖОЖдорго суроолор жөнөтүлгөнүн, ал жактан келген тастыктамалар боюнча айыл өкмөт башчысынын ишмердигине укуктук баар берилээрин айтты. “Бизге түшкөн кайрылуулар эч качан көз жаздымда калбайт. Иш графигине жараша биз арызды карап, тиешелүү тараптарга суроолорубузду жөнөттүк. Албетте, эгер Рамис Сагынбаевдин диплому жасалма болуп чыкса ал жана анын документтерин жеткиликтүү текшербеген аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, жасалма дипломду жасаган жана ыйгарган тараптардын баары мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылат. А балким, диплому өзүнө таандык экени такталса, анда экинчи адамдын диплому боюнча суроолор жаралат. Биз жыйынтыгын сөссүз кабарлайбыз”,-деп райондун прокурору.
Ошону менен учурда Рамис Сагынбаев айыл өкмөт башчылык кызматында иштеп жаткан маалы. Биз ага жогорку билими боюнча суроолорубуз менен кайрылып жооп алууга мүмкүн болбоду. Андан соң БШКнын Токтогул району боюнча өкүлү Абдуллабек Исманалиевге кайрылганыбызда, ал айыл өкмөт башчысынын диплому боюнча аймактык шайлоо комиссиясы шек таппаганын белгиледи. “Мыйзамга ылайык, ал нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, паспорту менен шайкеш келген жогорку билими туурасында дипломду шайлоо комиссиясына тапшырды. Мындай болгон соң биз аны кабыл алууга милдеттүүбүз. Дипломундагы шек жараткан жагдай боюнча эч ким кайрылган эмес жана биз аны андан ары текшерүү милдетин ала албайбыз”,-деди БШКнын өкүлү.

Баса, өздүк булактарыбыздын маалыматы боюнча диплому “шектүү” айыл өкмөт башчысы мурдагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин жакын тууганы, аталаш иниси болуп чыгууда. Тагыраагы, Тайырбек Сарпашевдин чоң атасы Сарпаш менен Рамис Сагынбаевдин чоң атасы Сагынбай бир туугандар…
 
Количество просмотров: 218