• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Талаштуу ЖМК мыйзамы талкууланууда

31 Тогуздун айы 2023 11:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте жаңы сунушталып жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол өтүп жатат.

Медиа эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан иш-чарада сөз эркиндиги жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү процессиндеги учурдагы абалга сереп салынууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзамды жаңылоо демилгесин колдойт жана өлкөдө сөз эркиндиги башка мамлекеттерге салыштырмалуу жогору деп эсептейт.

«ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам абдан эскирген. 1992-жылы кабыл алынган, анда заман жана талап башка болчу. Бул мыйзам абдан маанилүү. Учурдун талабына ылайык, мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Бул долбоор парламентте дагы кызуу талкууланат. Ага чейин ушул жыйында айтылган сунуштар эске алынат. Кыргызстанда сөз эркиндиги коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жогору. Элчилерди кабыл алып жүрөм. Анда сөз эркиндиги, адам укуктарын талкуулайбыз. Мамлекетте сөз эркиндиги болуш керек, адам укугу корголуш керек. Ошого жараша жоопкерчилик дагы болушу зарыл. Жоопкерчилик болбосо биз сөз эркиндигинин баркын кетирип алабыз»,-дейт Шакиев.

Президенттик администрация 2022-жылы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Кошумчалай кетсек, Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары – 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери ага өзгөртүү жана толуктоолор гана киргизилип келген.

Количество просмотров: 107