• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Таласта 27 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

29 Бештин айы 2021 19:42 Бишкек Govori.TV

Таласта 27 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Талас ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында тез жардам кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Талас шаарынын 1992-ж.т. Э.Н. аттуу келин өз үйүндө каза болгондугу маалым болгон. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган.

Аталган факты Талас ШИИБнин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, кылмыш иши козголгон.

«Шектүү катары тергөө бөлүмүндө анын күйөөсү 1988-жылы туулган Ж.А. кармалууда. Азыркы учурда окуянын чоо жайын аныктоо максатында тийиштүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 169