• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта шамал үйлөрдүн чатырын учурду

2 Кулжа 202615:51 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда катуу шамал көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 1-июнь күнү Талас облусунда катуу шамал катталып, анын кесепетинен Талас шаары, Талас району жана Бакай-Ата райондорунда бир катар турак үйлөрдүн,чатырлары жабыркады.

Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн, “Аква” лабораториясынын жана “Эконом” дүкөнүнүн чатырлары учуп кеткен. Ошондой эле Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жол жээгинде токтоп турган эки автоунааны басып калган.

Талас районунун Көк-Токой айылында эки турак жай жабыркап, чатырлары, дарбазасы жана кирүүчү эшиги жараксыз абалга келген.

Ал эми Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы маданият үйүнүн 18 чарчы метр чатыры шамалдан жабыркады.

Жерине тиешелүү кызматтар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 104