• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта 8-класстын окуучусун өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

19 Тогуздун айы 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Манас районунда түндө мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерде качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 15-октябрь түнү саат 04:50 чамасында телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда Манас районунун Чоң-Капка айылындагы жолдо эркек кишинин жансыз денеси жатканын айткан.

Тергөө-ыкчам тобу окуя орун алган жерге барганда каза болгон жаран башынан катуу жаракат алганы белгилүү болгон. Окуя болгон жерде белгисиз унаанын дөңгөлөгүнүн изи калган. Тактоо иштеринде каза болгон жаран 2007-жылы туулган Р. И. экени аныкталган. Ал Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу болгон.

«Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында Манас районунун Май айлынын 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургуну кармалган. 15-октябрь түнү саат 03:50 чамасында Манас районунун Чоң-Капка айылынын Гребень-Плотина жолунан түштүктөн түндүктү көздөй өзүнө тиешелүү болгон Toyota Windom ак түстөгү унаасын башкарып келе жатып өспүрүмдү сүзүп алган. Андан соң окуя болгон жерден изин жашырган. Ал эми окуучу окуя болгон жерде көз жумган»,-деп айтылат маалыматта.

16-октябрь түнү шектүү айдоочу Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. Ал эми 18-октябрь күнү Манас районундук соту тарабынан шектүүгө бөгөт кою чарасы катары 2 айлык мөөнөткө үй камагы тандалган. Аталган факты боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 412