• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таласта аялын сабап өлтүрдү деген жаран 12 жылга кесилди

30 Баш оона 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Талас шаардык соту аялын сабап өлтүрдү деген Жол кайгуул кызматынын инспектору Ж.А.К.тын иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Govori.TVга Талас облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттун 26-августтагы чечими боюнча Ж.А.К. 122-беренин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды, үй-мүлкү конфискацияланбаган.

Кошумчалангандай, Ж.А.К. жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Эске салсак, буга чейин Талас шаарында милиция кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгонун блогер Назира Айтбекова жабырлануучулардын катына шилтеме берүү менен билдирген. Анда окуя 8 ай мурун болгонун жана учурда милиционер кылмыш жоопкерчилигинен качып жатканы жазылган.

Ал эми Талас облустук соту бул тууралуу маалымат таратып, кылмыш иши шаардык сотто каралып жатканын билдирген. Аталган кылмыш иши Талас шаардык сотуна 2022-жылдын 14-июнунда кайра кароого түшүп, соттук териштирүү 2022-жылдын 29-июнуна кароого дайындалган. Соттук отурумга кээ бир күбөлөр (35 күбө) келбегендигине байланыштуу соттук отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган.

Количество просмотров: 131