• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Таласта мыйзамсыз аңчылык кылгандарга административдик айып салынды (фото)

15 Үчтүн айы 201815:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.18.Govori.TV

Талас облусунун Талас районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга административдик айып салынып, мылтыктары тийиштүү органдарга өткөрүлдү. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгынын инспекторлорунун, жергиликтүү укук коргоо органдары жана мергенчилер коомунунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн рейд учурунда, Чырканак өзөнүнөн Ак-Сай айылынын А.И жана Т.С аттуу тургундары 16 калибрдүү эки мылтык жана 10 кекиликти мыйзамсыз аткандыгы аныкталган.

Инспекторлордун териштирүүсүндө мылтыктар жана кекиликтин мыйзамсыз атылгандыгы аныкталды. Жеринде мылтыктар тартылып алынып, жаратылышка кыянаттык кылган аңчыларга административдик айып салынды. Ошондой эле, тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз алып жүргөн куралдары Мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.

Аңчылык кылгандардын мылтыгы алынды (фото)

Количество просмотров: 20