• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта ок атуучу курал катылган жай табылды

3 Жалган куран 202617:22 Бишкек Govori.TV

Таласта ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта аттылгандай, ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Талас шаарында курал-жарак сакталган жайды табышты.

Текшерүү учурунда төмөнкүлөр алынган:

  • 12 жана 16 калибрлүү (кесилген стволдуу) жылмакай мылтыктар – 2 даана.
  • 3 даана кичинекей калибрлүү мылтыктар.
  • 2 даана травматикалык тапанча (ПМ).
  • 1 даана үн чыгаруучу граната.
  • 71 даана 5,45 калибрлүү ок-дарылар жана 26 даана 7,62 калибрлүү ок-дарылар.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 174