• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таласта рейд учурунда 13 кылмыштын бети ачылды

16 Жетинин айы 2021 17:59 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда 10-11-ноябрь күндөрү рейд учурунда 13 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда мурда болгон ар кандай маанидеги 13 кылмыштын бети ачылган. Рейд учурунда алдамчылык боюнча 7, уурулук боюнча 3 факты аныкталган жана издөөдө жүргөн 2 жаран кармалган, 1 жол кырсыгы жана жалпысынан 150 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан КРнын Бузуулар кодексинин негизинде 50 протокол толтуруп, мас абалында унаа башкарып жүргөн 2 айдоочу аныкталып, автоунаалары айып короого киргизилген.

«Рейддин жүрүшүндө ар бир мал уурулук фактысы боюнча кошумча иш-аракеттер белгиленип, ошондой эле катталган жол унаа кырсыктарына тиешелүү фактыларды аныктоо, айдап качуу кылмыштарына бөгөт коюу боюнча кошумча иш-аракеттерге тийиштүү тапшырмалар коюлду»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чаралардын негизинде облус аймагында жайгашкан мал базарлар, мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар жана автоунаа оңдоочу, автоунаа тетиктерин сатуучу жайлардын ээлери менен аалдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 90