Таластын Бакай-Ата районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 10-август күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын 2003-жылы туулган У. А. арыз менен кайрылган.
«Арызында 2022-жылдын 5-февралдын түнүндө үйүнөн Майрамбек аттуу киши колу-бутумду кайрып автоунаага салып, белгисиз тарапка алып барып, машинаны бекитип мени зордуктады деп билдирген. Аталган арыз Бакай-Ата РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда арызда көрсөтүлгөн жаран Кыргызстан айылынын 1979-жылы туулган С.М. экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо”) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен иш козголгон. Ошол эле күнү С.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө жана иликтөө иш аракеттери жүрүп жатат.