• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта жол кырсыгынан 2 өспүрүм каза болду

18 Бештин айы 202110:43 Бишкек Govori.TV

Талас районунда жол кырсыгынан 2 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-декабрь күнү Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Чат-Базар айылы) Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган эки өспүрүм жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жаранды чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар ооруканага жетпей каза болгон.

Количество просмотров: 779