7-июнда Талас шаарындагы «3-канал» аталышындагы телеканалдын кеңсеси өрттөндү. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Айбек Турдалиев өздүк баракчасына жарыялады.
Ал эми аталган телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова кеңсе атайын өрттөлгөнүн, бардык техникалар күйүп кеткенин «Азаттыкка» билдирген.
“Атайын жасалган иш деп ойлоп турамын, себеби терезени сындырып, өрт чыгаруучу каражатты ыргытышыптыр. Эмнеге байланыштуу экенин билбейм. Эч ким менен деле чырдашкан эмеспиз”, — деп билдирген Токтосунова.
Окуя боюнча милицияга кабарлашкан.