• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Таластагы эң бийик чокуга “Бакай-Ата” деген географиялык аталыш ыйгарылды

4 Чын куран 20259:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “ Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталышты ыйгаруу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 190