• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Таластагы курал колдонулган той (Видео)

6 Үчтүн айы 2019 15:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.01.2018.Govori.TV

Эки жаштын үйлөнүү тоюнда автомат колдонуп, абаны көздөй ок чыгарылганын далилдеген тасма Facbook баракчасы аркылуу тарап, колдонуучулардын оозун ачырып жаткан.

Тойду көпчүлүгү «бандиттик той» деп аташып, Талас жергесиндеги окуя экенин билдиришкен.

Тартылган видеодон ак машинелерден куралган кортеждердин ортосундагы унаадан эки бала терезеден чыгып, асманды көздөй ок чыгарганын көрүүгө болот. Кыргызстанда кортеждер менен эч кимди таң калтыра албайсың, анткени аларсыз тойлорлу элестетүү мүмкүн эмес. Тасма качан тартылганы белгисиз болуп, бирок курал колдонгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси коюлган.

Талас облустук милициясы үйлөнүү той учурунда автоматтан ок атылганы тууралуу видеонун чоо-жайын иликтеп чыкты. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын билдиргенине караганда, бул окуя 2018-жылдын күзүндө Таласта болгон.
Бирок ок атылган эмес, себеби видео монтаждалган, ал эми адамдардын колундагы автомат чыныгы курал эмес, жыгачтан жасалган муляж экени аныкталды.
Тасманы монтаждоого тиешеси бар деп 21 жаштагы тургун шектелүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 32