• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таластагы ооруканада санитардык кызматкер сабалды

30 Үчтүн айы 202011:13 Бишкек Govori.TV

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитардык кызматкер сабалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Окуя 28-январда болгон. Жабырлануучу милицияга арыз жазды.

«Бейтапты көрүүгө келгендер палатага кирели дешкенде, аларды күтө турууну айтышкан. Жыйынтыгында пикир келишпестик жаралып, санитардык кызматкерди тээп жиберишкен. Аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө», — деп билдиришти ОИИББдан.

Оорукананын кызматкерлерине карата орой мамиле жасаган бул алгачкы окуя эмес. Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында жаңжал чыккан. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

Количество просмотров: 1562