• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таластын губернатору карантинди сактабагандарды камап салаарын айтты

20 Бугу 2020 16:03 Бишкек Govori.TV

Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев видео кайрылуу жасап, жарандарга башкалардын коопсуздугун ойлоп, карантин эрежеси менен тартипти бекем сактоого чакырды.

“Коронавирус илдетин алдын алуу үчүн обсервациядагы жарандврга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен  аким, мэр  контакт болуп жүрүшөт. Аларда дагы  үй-бүлө, бала-чака бар. Кечээ Ноокатка дааватка барып келгендерден обсервацияга жатып тургула деп сурансак,  “эмнеге менин жүзаарчым” жок кирет экенмин деп билдиришүүдө. Биз карабайбыз аларды, алып келип жаткырабыз. Тартипти сактабасаңар, милициянын убактылуу кармоочу жайындагы бир бөлмөгө обсервация ачып коёбуз, ошол жерге жатышат”,- деп эскертти Мураталиев.

Мураталиев ошондой эле вотсап аркылуу чагымчыл маалыматтарды тараткандарга айып пул салынарын кошумчалады.

Эске салсак, Россиядан келген жарандар  обсервациядагы шартка нааразы болгон видео жарыялашкан болчу.

https://www.facebook.com/kunduz.ajibekova/videos/2761242307332624/
Количество просмотров: 1150