Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев өз каалоосу менен отставкага кетти. Бул тууралуу Мураталиев өзү билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.
«Эл аянтка келип чогулушту. Алар мородёрчулукка алдырбаш үчүн өз каалоом менен жумуштан кеттим», — деп билдирген Мураталиев.
Белгилей кетсек, 6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун башчысы Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматын тапшырган болчу.