• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Таластын губернатору супермаркеттин ачылышына чогулган элди таратты (видео)

31 Баш оона 2020 21:51 Бишкек Govori.TV

Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев жаңы ачылган супермаркеттин алдына чогулган элди таратты. Бул тууралуу видео социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Видеодо материалда концерт өтүп жаткан супермаркеттин алдындагы топтолгон элге губернатор оору күчөп жатканда чогулганга болбой тургандыгын, музыканы токтотуп тарап кетүүлөрүн суранганын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 30-августта болгон. Супермаркеттин ачылышына Бишкектен келген ырчылар ырдап, миңге жакын адам чогулган.

«Азыр бизде өзгөчө кырдаал алына элек, коронавируска каршы иштер дагы деле жүрүп жатат. Биз элге туура түшүндүрүп айтып, музыканы токтоттуруп, таратып жөнөттүк. Андан кийин лентасын кесип берип мен дагы кеттим. Эртең супермаркеттин ээлерине айып салабыз», — деп билдирген Мураталиев.

Количество просмотров: 325